Абылгазиев күзгү шайлоого чейин иштеп бериши керек, — саясат таануучу

Окуялар тизмеги 15 Июн 2020 15:38
0 ой-пикир

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-майда кыска мөөнөттүү деп аталган эмгек өргүүгө чыкканы жалпыга белгилүү. Ушул тапта эс алуусу үч жумага жакындап калган өкмөт башчы жумушка кайта элек. Андыктан, бул көрүнүш коомчулукта кызуу талкууда.

Ал эми белгилүү саясат таануучу Бакыт Бакетаев болсо, Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттик шайлоого чейин иштеш керек экендигин белгиледи. Мындай пикирин ал “Жаңы Ордо” гезитине курган маегинде билдирген.

“Премьер-министрди азыркы күнөөлөгөн окуя боюнча бир мыйзам уруксат берсе, бир мыйзам жол бербейт деп жазылып калган. Бул саясий маселе. Саясий логика боюнча Абылгазиев шайлоого чейин иштеп бериши керек. Премьер-министр өзүнө ылайыктуу жакшы тайпа түзүп алды. Канчалаган акимдерди, министрдин орун басарларын, ишканаларга жетекчилерди дайындады. Алар ыраазычылыгын билдириш үчүн Абылгазиевди колдойт. Бул адам камалбайт. Карама-каршы келген мыйзамдар бар, ошого такап тура берет”, — дейт Бакетаев. 

Эске сала кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламентте азыркы өкмөт мамлекеттик жыштыктарды сатуудан бюджетке 5 миллиард сом зыян келтиргенин айтып, ага премьер-министрдин тиешеси бар экендигин билдирген. Ал эми Мухаммедкалый Абылгазиев билдирүү негизсиз деп, тергөө жүрүп жаткандыктан кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө кетүүнү туура көргөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.