«Ата Мекен» партиясы бийликке оппозиция экенин жарыялады. Бул тууралуу саясий бирикме «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди.
Маалыматка караганда, оппозицияга кетүү маселеси партиянын аймактык жана райондук жетекчилери менен талкуудан кийин кабыл алынган.
Белгилей кетсек, буга чейин «Жаңы дем» деген ураан алдында жаңы саясий альянс түзүлгөнү «Ата Мекен» партиясынын кеңсесинде жарыяланган.
Биригүү тууралуу меморандумга «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Ак Шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариев, Кыргыз либерал-демократтар партиясынын (КЛДП) теңтөрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев, парламенттин дагы бир депутаты Рыскелди Момбеков, ишкер Тилек Токтогазиев жана «Жашыл күчтөр коалициясы» деп аталган уюмдун атынан саясат таануучу Азамат Темиркул кол койгон.
Аталган бирикменин негизги максаты быйыл күзүндө өтчү парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынын туусу алдында баруу экени белгилүү болгон.