Москвада Кыргызстан элчилигинин кызматкери сабалды

Окуялар тизмеги 13 Июн 2020 18:09
0 ой-пикир

Москва шаарында белгисиз адам тарабынан Кыргызстан элчилигинде иштеген консулдун орун басары Тигран Кондахчян сабалган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жарыялаган маалыматта, дипломат «Добрынинская» метросунун станциясынан белгисиз адам менен уруша кеткен. Уруш мушташка айланып, Кондахчянды белгисиз адам башка урган.

Консулдун орун басары окуядан кийин полицияга арыз менен кайрылган. Учурда кол салган адам изделүүдө.

Маалым болгондой, Кондахчян Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде 2016-жылдан бери иштейт.

Тигран Кондахчян

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.