Июнь окуясына 10 жыл. Оштун коменданты болгон Курсан Асанов билдирүү таратты

Окуялар тизмеги 13 Июн 2020 14:13
0 ой-пикир

Ошто 2010-жылы июнь айында болгон коогалаңга быйыл туура 10 жыл болду. Өлкөнүн тарыхында кара так калтырган каргалашуу кагылышта Ош шаарынын коменданты болуп Курсан Асанов иштеген. Ал өрт менен кан аралашкан жерде өзү аралашып жүрүп, оор күндөрдүн азабын керт башы менен тарткан.

Курсан Асанов бул кайгылуу дата карата кыргызстандыктарга кайрылды. Анын билдирүүсүн толугу менен жарыялайбыз.

«2010-жылдагы июнь окуясы тарыхыбызда тилекке каршы кара так менен жазылып калды. Ошол кезде бир топ чагымчылдардын жана үчүнчү күчтөрдүн айынан канчалаган бейкүнөө адамдардын жана кызматкерлердин каны төгүлдү. Канчалаган энелердин, ата-энесинен ажыраган жаш балдардын, күйөөсүнөн ажыраган жесирлердин жана сакалын ак бубак баскан аталардын көз жашы бүгүнкү күнгө чейин менин көз алдымдан кетпейт.

2010-жылы июнь айында мен ушундай сезимди адамдардын көзүнөн көрүп, жүрөгүнөн туйдум. Анда алар үрөй учурган коркунучтан айласы кетип, аргасы түгөнүп, каңырыгы түтөп турган. Июндун ал ысык күндөрүндө бардык жактар өттөнүп, кара түтүнгө курчалып, өлүмдүн жыты каптап, кайсы үйгө барбайын кооптонуу, ишенбөөчүлүк, бакырык, ый өкүм сүрүп турган учур эле. Мындай учурда аларды эртеңки белгисиздиктин коркунучунан сактап кала турган ишеним жана үмүт керек болчу. Дал ушундай абалдагы адамдарды куткарууга, аларга жакшы жашоо болооруна ишеним берүүгө, абалды тез арада жөнгө салууга комендент катары болгон мүмкүнчүлүгүм менен иштедим.

Кыргызстандын бүтүндүгүн, биримдигин, туруктуулугун сактап калуу – бул эң негизги максат жана милдет болгон.
Бийлик, айрыкча аксакалдар, элибиздин чыгаан уул-кыздары ал кырдаалдын запкыларын басууга, тынчтык менен бейпилдикти орнотууга астейдил аракеттерди жасашты. Үрөй учурган кырдаалды турукташтырууга менин да катышым жана салымым бар экендигине кубанам.
Мен ошол учурдагы Ош шаарынын коменданты катары кесиптештериме, ошол учурда жардамга келген күч түзүмдөрүнө, ардагерлерге жана кыйын учурда карапайым эл арасынан чыккан мекенчил уул-кыздарга, тынчтыкты, туруктуулукту орнотууга мага жакындан жардам бергендери үчүн терең ыраазычылык билдирип, таазим этем. Алардын эмгектери жана эрдиктери эч качан унутулбайт!
Ал кыйын күндөр өттү. Кудайга шүгүр, азыр жергебизде тынчтык, туруктуулук орноп, элибиздин биримдиги артты, ынтымагы бекемделди, асманыбыз кайрадан ачылды.

Бүгүн ал апааттуу окуядан бери он жыл өттү. Кылым карыткан Кыргыз элибиз жана жергебизде жашаган бардык улуттардын өкүлдөрү тынчтык, бейпил жашоо канчалык кымбат экенин жон териси менен сезип, эч качан эми мындай каргашага жол бербесине терең ишенем!
Кыргызстаныма тынчтык, туруктуулук, ынтымак, бейпил жашоо жана өнүгүп-өсүүнү каалайм!

Урматым менен, Курсан Асанов»

Эске салсак, 2010-жылдын 10-июнунда Кыргызстандын түштүгү Ош жана Жалал-Абал облустарынын аймактарында «Июнь окуясы» деп аталган улуттар аралык чыр чыккан. Окуя 470тей адамдын өмүрүн алган.

.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.