Москвада өтүүчү Жеңиш парадына Кыргызстандык гвардиячылар барбай калышты

Окуялар тизмеги 12 Июн 2020 16:15
0 ой-пикир

Улуттук гвардиянын аскерлеринен арасынан коронавирус табылды.

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы маалымдагандай, ооруп калгандар менен чогуу кызмат кылгандардын баары обсервацияга алынды. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Москвадагы Жеңиш парадына алар катыша алышпай калды.

«Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын камсыздоо бөлүмүнүн аскер кызматкерлеринин арасынан коронавирус жуккан бир нече адам катталды. Улуттук гвардиянын ардак кароол ротасы Москвада 24-июнда өтө турган Жеңиш парадына катышмак. Оору алардан табылган жок. Бирок, ошентсе да, илдеттин жайылышын алдын алуу максатында парадга резервдеги бөлүм барат деп чечилди» — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жалпысынан Москвага 75 жоокер катышары айтылган.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн атынан Улуттук гвардиясынын жоокерлери 2020-жылдын 24-июнунда Москва шаарында өтүүчү Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышууга көптөн бери даярдык көрүп жүргөн. Гвардиячылар карантин учурунда дагы машыгууларды токтотпой, күжүрмөн жана саптык даярдыгы мыктылары тандалып, күн сайын параддык жүрүштүн элементтерин иштеп жатышкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.