Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 4 миң 448 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 96 учур катталган. Ал эми 3 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго жөнөтүлгөн. Бир бейтап каза болду.
Белгилей кетсек, Өзбекстанда карантин 15-июнга чейин узартылган. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша «кызыл», «сары» жана «жашыл» сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.
8-июндан тарта «сары» жана «жашыл» аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен шаардык жана шаар четиндеги маршруттардагы коомдук транспорт иштей баштады, метродон тышкары. Ошондой эле 8-июндан тарта диний мекемелер өз ишин жандантты.
Учурда өлкөдө 4 миң 448 адам илдет жуктурса, анын 3 миң 337 айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 18 бейтап каза болду. 1073 бейтап ооруканаларда дарыланууда, алардын 8инин абалы оор болсо, бирөө өтө оор абалда.