Шаардык мэрия кабарлагандай, борбор калаанын Жеңиш аянтында үйдө жана бакчада өстүрүүчү гүлдөрдүн көргөзмө-жармаңкеси өтүп жатат. Анда фиалка, бегония, стрептокарпус, глоксиния, кооздоо үчүн колдонулуучу жана башка гүлдөрдүн миңге чукул түрү коюлган.
Гүлдүн түрлөрүнөн тышкары гүл өстүрүүчү карапалар жана багбанчылыкка керектүү товарлар да сатылууда.
Көргөзмөдө гүл өстүрүүнү сүйгөндөр адистерден кеңеш алуу мүмкүнчүлүгү да түзүлгөн. Көргөзмөсү 15-июнга чейин болот.