Казакстан тараптан биздин соода жүргүзгөнүбүзгө ачык эле блокада жасалууда, — Экономика министрлиги

Окуялар тизмеги 06 Июн 2020 19:18
0 ой-пикир

Казакстан тараптан биздин соода жүргүзгөнүбүзгө ачык эле блокада жасалууда. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Элдар Алишеров кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унааларды өткөрүүдө жаралып жаткан маселеге байланыштуу комментарий берип жатып билдирди.

Кыргыз-казак чек арасында май айынын аягынан бери жүк ташуучулардын узун кезеги жаралып жаткандыктан 3-июнда “Ак-Тилек унаа жолу” көзөмөлөл өткөрмө бекетинде эки тараптын расмий бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөн. Ага казак тараптан Мамлекеттик кирешелер комитетинин, Казакстандын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү, ал эми кыргыз тараптан Экономика министрлигинин, Чек ара кызматынын жана Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү катышкан.

“Жолугушуу саат экиде башталып, бешке чейин созулду. Ушул убакыттын ичинде биз хронометраж жасадык. Ал убакыт ичинде Казакстандын аймагына 21 унаа кирсе, Кыргызстандын аймагына 61 унаа кирди. Бир автоунаа чек арадан өтүш үчүн канча убакыт короторун да эсептеп чыктык. Муну биз казак тарап түзгөн проблемаларды кошпой туруп эсептедик. Ошондо биздин жүк ташуучулар мамлекеттик чек арадан өткөндө түзүлгөн абал ачыкка чыкты. Башкача айтканда биз жактан чек арадан өткөндө жасала турган иштер − паспорттук көзөмөл, Чек ара кызматынын текшерүүсү, анкеталарды толтуруу, ПЧР-тесттерди тапшыруу, андан кийин чек арадан өтүү баш-аягы 13 мүнөттөй убакытты алды. Ал эми казак тараптын чек арасынан өтүүдө башка иш-аракеттер ИКК – инспектордук-кароо комплекс, чек арачылардын текшерүүсү, салык көзөмөлү, фитосанитардык көзөмөлдөн өткөндөн кийин гана жүк ташуучу унаалар чек арадан өтүп жатышты. Бул баш-аягы 21-23 мүнөт убакытты алды. Бирок бул жүк ташуучу унаалардын адаттагы тартипте, көйгөйү жок өткөндөгү гана көрүнүшү. Унаалар кошумча ангарда текшерүүдөн өтүп жатты. Анткени кадимки ангарда унаалар толуп калгандыктан аларды текшерүү мүмкүн эмес эле”, — деди ал.

Анын айтымында, кыргыз тараптан жүк ташуучу унаалар кадимки тартипте өтүп жатат.

“Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан үч саат аралыгында казак тарап жүк ташуучу унаалардын кармалуусу казак чек арасында болуп жаткандыгын мойнуна алды. Алар бул маселени өздөрүнүн жетекчилигине жеткире тургандыгын билдиришти. Чек арадагы регуляция толугу менен казак тараптан болуп жаткандыгын өздөрү көрүштү. Кыргыз тарапта шлагбаум дайыма ачык, унаалар кадимки тартипте өтүп жатышса, казак тараптан чек арадан өтүү ашыкча көзөмөлдөнүп унаалар токтотулуп жатты. Алар ушинтип жөнү жок убакытты созуп, машиналарды кармап жатышкандыктан, чек арада жүк ташуучу уналар жыйналып калып жатат. Эми көптөн бери жыйналган унаалар мындай кыска аралыкта бат эле өтүп кете алышпайт. Бирок жогорудагы эки тараптуу жолугушуудан кийин казак тарап интенсивдүү иштей баштады. Ошентсе да баары бир жасалма көзөмөл, убакытты атайылап созуу кала берүүдө. Казак тарап мындай абалды кыргыз тараптан аткезчиликтин өтүшү менен байланыштырып жатат. Бирок эки айдан бери кыргыз-кытай чек арасы жабык турат. Жүктөр өткөн жок. Ошондуктан бул жерде ачык эле соода жүргүзүүгө тоскоолдук жаралып, биздин соода жүргүзгөнүбүзгө ачык эле блокада жасалууда. Бул жерде контрабанда өтүп жатат деген аргумент эмес. Себеби кыргыз-кытай чек арасы жабык. Ошондуктан казактардын бул аргументи таң калычтуу”, — деди Алишеров.

Анын айтымында жолугушуу учурунда “Чалдыбар”, “Кең-Булуң” чек ара өтмөктөрүн да ачуу керектиги айтылды.

“Алар аркылуу бош кетип жаткан унааларды өткөрүү тууралуу айтылды. Казактар бул сунушту өз жетекчилигине айта тургандыгын билдиришти. Биздин айдоочулар абалдын ушундай экендигин жакшы билишет. Казак тараптын Мамлекеттик кирешелер комитетинин өкүлдөрү да бул биздин күнөө эмес, чек арачылар кармап жатышат деп айтышты. Жүк ташуучу унаалардын чек арада кармалуусу кыргыз тараптан эмес, казак тараптан болуп жаткандыгына алардын толук көзү жетти”, — деди ал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.