ФОТО. Адамды уурдагандар колго түштү

Окуялар тизмеги 05 Июн 2020 16:00
0 ой-пикир

Бишкекте жайгашкан базарлардын биринде киши уурдаган деген шек төрт жаран кармалды.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, мурда сот жоопкерчилигине тартылган жаранды өз ара эсептешүү үчүн уурдап кетишкени тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Шектүүлөрдү кармоо иштерин Сокулуктагы Күн-Туу айылы тарапта ИИМдин Криминалдык милиция кызматы менен Ленин РИИБдин кызматкерлери жүргүзгөн. Жыйынтыгында 4 адам кармалды. Алар Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында туулганы, мурда бир нече жолу сот жообуна тартылып, бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турганы такталды.

Жабыркаган адам токмоктолгон абалда ооруканага жеткирилген. Шектүүлөр убактылуу камакка алынды.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, бул кылмыш эки тараптын ортосундагы жеке мамилелерге байланыштуу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.