Бүгүн, 4-июнда, Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын карап чыгып, Биринчи Май райондук сотунун чыгарган чечимин күчүндө калтырды. Ал абакта 18-июлга чейин кармалат. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.
«Биринчи Май райондук соту Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын 18-июлга чейин узарткан. Ага карата шаардык сотко биз даттануу менен кайрылганбыз. Бирок шаардык сот бул өтүнүчүбүздү канааттандырган жок. Биз буга каршыбыз. Себеби Жээнбеков негизсиз гана камакта отурат», — деди Жоошев.
Ошондой эле шаардык соттун алдында Равшан Жээнбековду колдогондордун митинги өттү. Алар абактагы саясатчыны бошотууну талап кылышты.
Равшан Жээнбеков 2019-жылдын 12-декабрында Кой-Таш окуясы боюнча жүрүп жаткан иштин алкагында Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Равшан Жээнбековго Жазык кодексинин «барымтага алуу», «массалык баш аламандык уюштуруу» жана «бийликти күч менен басып алуу» боюнча айып коюлган.