Москвада өтүүчү Жеңиш парадына Улуттук гвардиянын аскерлери катышат. ФОТО

Окуялар тизмеги 04 Июн 2020 18:32
0 ой-пикир

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын параддык эсеби 2020-жылдын 24-июнунда Москва шаарында өтүүчү Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышат. Бул тууралуу Башкы штабдын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирет.

«Улуттук гвардиянын аскер кызматчылары 1945-жылдагы совет элинин фашисттик Германияны жеңгендигинин урматына арналган Кызыл аянттагы юблейлик парадга экинчи жолу катышып, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн татыктуу көрсөтүүдө.

Гвардиячылар карантин учурунда дагы машыгууларды токтоткон жок. Жоопкерчиликти талап кылган маанилүү иш-чарага – күжүрмөн жана саптык даярдыгы мыктылар тандалып, санитардык талаптарды сактоо менен күн сайын параддык жүрүштүн элементтерин иштеп чыгышты”, — деп айтылат маалыматта.

Башкы штабдан кошумчалашкандай, Москва шаарына учуунун алдында бардык аскер кызматчылар коронавирус илдетин жуктуруп алуу коркунучун жок кылуу максатында ПЦР-анализ тапшырышат. Гвардиячылар Россия Федерациясынын борборуна баргандан кийин парадка катышууга чакырылган башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен бирге жалпы параддын курамында машыгуусун улантат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.