Өлкөдө коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны сегиз миңге чамалады

Окуялар тизмеги 03 Июн 2020 10:35
0 ой-пикир

Кыргызстанда коронавирус тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын саны 3-июнга карата 7 миң 713гө жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтуусунда, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Башкы санитардык дарыгер кошумчалагандай, Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 380 адам жатат.

Белгилей кетсек, 3-июнга карата коронавирус жуккан жаңы 26 учур аныкталып, Кыргызстан боюнча COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулардын саны 1871ди түздү.

1265 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды, учурда 586 адам стационарда, ал эми коронавирустан 20 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.