Абылгазиевдин эс алууда жүрүшүн коалициялык көпчүлүк карашы керек, — депутат Сабиров

Окуялар тизмеги 03 Июн 2020 11:17
0 ой-пикир

Бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Закир Шарапов чек ара маселеси боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматын  угууну сунуш кылды.

«Баткенде эл менен жолугушкан учурда Кубатбек Айылчиевич чек арага байланыштуу  маселелер паритеттик комиссиянын  тыянагынан  кийин гана чечилет деди. Бирок, Өзбекстан тараптын жетекчилери башкача маалыматтарды берип жатат. Ошондуктан, бул боюнча Кубатбек Бороновдун маалыматын угуп койсок”, — деди депутат.

Ошондой эле жыйында депутат Максат Сабиров чек арадагы абал туруксуз болуп, пандемияга байланыштуу карантиндик абал сакталган жагдайда Премьер-министрдин өргүүгө чыгышын сынга алды. Анын айтымында, Абылгазиевдин эс алууда жүрүшүн коалициялык көпчүлүк карашы керек.

«Өткөндө Тажикстандын чек арасында кагылышуу болду. 31-майда Өзбекстан менен чек арада чыр чыкты. Өзгөчө кырдаал режими өлкөдө алына элек. Премьер-министр кайда жүрөт? Эмнеге ал ушундай кырдаалда отпускага кетет? Армениянын премьери коронавирус жугузуп алып, бирок үйдө иштейм деди. Биздики эс алып жүрөт. Азыр ишти вицелерге тапшырып коюп, эс алып жатчу убакыт эмес», — деген Максат Сабиров спикерге премьер-министрдин аракетин карап чыгууну тиешелүү комитеттерге тапшырууну сунуш кылды.

Эске салсак, 27-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыскача эмгек өргүүсүнө чыгып, мунун себебин радиожыктык быштык боюнча тергөөнүн калыс өтүшү үчүн деп түшүндүргөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.