Москвада ири суммада алдамчылык кылууга шектелген кыргызстандык кармалды

Окуялар тизмеги 02 Июн 2020 19:16
0 ой-пикир

Кыргызстанда алдамчылыкка шектелип, изделип жаткан жаран Москва шаарынан табылып, кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган кыргыз жараны 1992-жылы туулган Ч.Н аттуу Талас облусунун тургуну.

«Ч.Н. Кыргызстандын аймагында мыйзамга туура келбеген иш-аракеттерди жасаганга шектелип, мамлекеттер аралык издөөгө берилген. Шектүү 2019-жылдан бери издөөдө жүргөн. 2015-жылы ал өзүнө тиешелүү деп көрсөткөн Mercedes-Benz Sprinter унаасын башка адамга саткан. Тагыраагы шектүү Mazda Atenza жана Subaru Forester унааларынын ээсинин ишеничине кирүү менен эки автоунааны өзүнүн Mercedes-Benz Sprinter унаасына алмаштырган. Бирок кийин такталгандай, «Мерседес» шектүүнүн наамында эмес, анын жакын туугандарынын атында болгону аныкталган. Мындан тышкары аталган спринтер насыялык компаниялардын биринде күрөө катары катталганы маалым болгон. Териштирүү иштери жүрүп жаткан учурда Ч.Н. Mazda Atenza менен Subaru Forester унааларын сатып жибергенге үлгүргөн. Андан кийин унаалардын бирин дагы бир башка унаага алмашып, кайра алган унаасын ломбардга күрөөгө коюп, акчасын алган бойдон дайынсыз жоголгон. Шектүүнүн кылмыштуу жоруктарынын кесепетинен жабырлануучуга 607 миң сом өлчөмүндөгү чыгым келтирилген», — деп жазылат маалыматта.

Учурда Ч.Н. Москва шаарынын СИЗОсунда экендиги маалымдалат. Аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.