1-июнда балдардын алгачкы онлайн-саммити өтөт

Окуялар тизмеги 31 Май 2020 16:02
0 ой-пикир

Эртең, 1-июнда Өкмөт үйүндө балдардын алгачкы онлайн-саммити өтөт, — деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Иш-чарага вице-премьер-министр Аида Исмаилова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм жана башка расмий адамдар катышат.

Онлайн-саммитке 50 бала катышып, ар кыл түзүмдөрдөгү расмий адамдардын катышуусунда өз көйгөйлөрүн талкуулашмакчы. Ар бир аймактан 6дан бала, ал эми Бишкек жана Ош шаарларынан 4төн бала катышат.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча зомбулукту токтотуу үчүн балдардын кайрылуусу кабыл алынат, анда балдар жана өспүрүмдөрдүн негизги бүтүмдөрү бириктирилип, бакубат ата-энелер тажрыйбасын илгерилетүү жана ар кыл түрдөгү денеге залал келтирүүгө тыюу салууну колдоо үчүн 10 000 ашуун адам кол койгон Тумар Манифести менен бирге улуттук ЖМКларга берилип, өлкөнүн институттары арасында жайылтылат.

Өлкөнүн бардык балдары иш-чараны реалдуу убакыт режиминде ЭлТР телеканалынан саат 11.00дө көрө алышат.

Түштөн кийин саммитти төмөнкү телеканалдар аркылуу көрүүгө болот:

— Коомдук телерадиоберүү корпорациясы;

— «ЭлТР» Мамлекеттик телерадиокомпаниясы;

— «Медиа Холдинг «Пирамида» ЖЧКсы;

— «Бешинчи канал» ЖАКы;

— «Ынтымак» Коомдук аймактык телерадиокомпаниясы;

— «ОшТВ» телерадиокомпаниясы ЖЧКсы;

— Баткен облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы;

— Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы;

— Ысык-Көл облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы;

— Нарын облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы;

— Талас облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы;

— Чүй облустук «СТВ»

Белгилей кетсекЮ COVID-19 пандемиясына байланыштуу Балдарды коргоо күнүн белгилөө онлайн режиминде өтүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.