«Ардактуу турист» наамын алууга сынак жарыяланды. Жол-жобосу

Окуялар тизмеги 29 Май 2020 16:39
0 ой-пикир

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстандын 10 жерин кыдырган жаранга «Ардактуу турист» наамын ыйгарат. Бул тууралуу министр Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, ички туризмди жандандыруу үчүн министрлик конкурс уюштурууну чечкен.

«Азыркы учурда 10 объекттини тандап алдык. Эгер кыргызстандыктар ал 10 жерге бара турган болсо, анда ага «Ардактуу турист» деген наам жана белектер берилет», — дейт ал.

Алар;

1. «Бурана» комплекси;
2. «Өзгөн» комплекси;
3. «Таш-Рабат» тарыхый комплекси;
4. «Сары Челек» коругу;
5. Манастын күмбөзү;
6. Сан-Таш;
7. Сказка каньону;
8. «Арсланбап» улуттук коругу;
9. «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей-комплекси;
10. «Шах-Фазиль» күмбөзү.

Сынакка катышуу үчүн аталган жерлерден сүрөткө түшүп, сүрөттөрдү министрликтин же Туризм департаментинин Facebook баракчасына жөнөтүү керек, ошондой эле сүрөттөрдү #УникалдууКыргызстан хештеги менен жеке социалдык тармактардагы баракчаларга жарыяласа болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.