Өлкө боюнча дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери биринчилерден болуп Баткен облусунда башталды

Окуялар тизмеги 28 Май 2020 18:55
0 ой-пикир

Бүгүн, 28-майда Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак, Алга айыл аймактарында кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган аймакта бүгүн 2 гектар жерде арпа жыйналды.

Жалпысынан Кадамжай районунда 2870 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген. Адистер арпа гектарынан 35 центнерден алынып жатканын айтышат. Былтыркы жылы түшүм гектарынан 28 центнерден алынган.

Негизи Баткен облусунда 2020-жылдын түшүмү үчүн 20702 гектарга кылкандуу дан эгиндери эгилген. Анын 7902 гектары буудай, 12797 гектары арпа.

Белгилей кетсек, жыл сайын Баткен облусунун Кыргыз-Кыштак, Алга айыл аймактарынын климаты ысык келгендиктен, аталган аймактарда облуста эле эмес, республика боюнча оруп-жыйноо иштери биринчилерден болуп башталат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.