Жалал-Абадда түн ортосунда депутаттын агасын атып кетишти

Окуялар тизмеги 27 Май 2020 12:40
0 ой-пикир

26-майдан 27-майга караган түнү Жалал-Абад шаарынын депутаты Нурбек Акановдун бир тууган агасына карай белгисиз адамдар 3-4 ирет ок чыгарышкан.

Turmush басылмасы жарыялаган маалыматта, окуя Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда болгондугу айтылат. Сапар Аканов аттуу жаран көп кабаттуу үйлөрдүн биринен чыгып бара жатканда белгисиз адамдар ага карата травматикалык тапанча менен ок аткан (желим октор). Жабырлануучу Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Акановдун бир тууган агасы болуп чыккан.

Жалал-Абад облустук ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Тайланов жаракат алган Сапар Аканов ооруканага жаткырылгандыгын тастыктаган.

«Бейтаптын 6 жеринде жаракаты бар. Желим ок 2 жамбашына, белине тийген. Ок денеге 4-4,5 сантиметрдей кирген экен. 3 жеринде терисин сыйрып кеткен. Бизге келген учурда нөөмөттө турган дарыгерлер 1 желим окту белинен алышкан. Калганы түшүп калган окшойт. Учурда абалы орто, биз жазып берген дары-дармектерди өз учурунда ичип жатат. Азыркы тапта биздин көзөмөлдө, сынык-жаракат бөлүмүндө дарыланууда», — деди башкы врач.

Жалал-Абад ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзгөн. Окуя болгон жерден үлгүсү белгисиз травматикалык куралдан атылган желим октор алынып, күбөлөр суралып, тиешелүү материалдар чогултулган. Аталган факт Жалал-Абад ШИИБде Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Эске сала кетсек, Сапар Аканов — Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Акановдун агасы. Бир туугандар алыш күрөшү боюнча буга чейин дүйнө чемпиону аталган.

Былтыр май айында Сапар Аканов менен бирге жүргөн балдардын бирин кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыш тобуна мүчө сузактык “Чач” жана каракөлдүк “Жон” аттуу каймана аты бар адамдар сабап кеткени айтылган. Жабырлануучу ички иштер органынын атайын багыттагы отрядынын мурдагы кызматкери болчу. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.