Польшадан кармалганы айтылган Райкүл Жапарова ИИМдин маалыматын төгүндөдү

Окуялар тизмеги 27 Май 2020 09:35
0 ой-пикир

Интерпол аркылуу Польшадан кармалганы кабарланган Райкүл Жапарова Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына жооп берди. Жапарованын билдирүүсүн иниси Дөөлөт Жапаров таратты.

Анда «мага козгогон кылмыш ишин Бишкектин Биринчи май райондук соту эки жолу, Свердлов райондук соту бир жолу Райкул Жапарованын күнөөсү жок деп, ишти артка прокуратурага жөнөтүшкөн», — деп айтылат.

Ал Кумтөр маселесин көтөрүп чыккан иниси Садыр Жапаров 2012-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) камакта жатканда ошол кездеги бийлик Жапаров менен соодалашуу үчүн ага да иш козгогон деп эсептейт.

2013-жылы «кардар насыясын өз убагында кайтарган эмес» деген жүйө менен кылмыш иши козголуп, №1 тергөө абагында 21 күн жатканын билдирген. Кийин үй-бүлөсү менен Польшадан саясий баш паанек алганын жана бардыгында Женева паспорту бар экенин кошумчалады. Кыргызстандагы иши боюнча Польшада полицияда сурак берип чыкканын, жакында аталган өлкөнүн жарандыгын алганы жатканын билдирди.

Эске сала кетсек, кечээ, 26-майда Ички иштер министрлиги Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн Райкүл Жапарова Польшадан кармалганын маалымдаган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапаровага 2007-жылы апрель айында ошол кездеги президенттин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл инвест банкын» тартып алган деген билдирүүнү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы буга чейин таркаткан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.