Бүгүн, 26-майда Москва шаарынан Бишкекке чартердик каттам менен 372 кыргызстандык учуп кетти. Элчиликтин маалыматына караганда, аталган каттам менен 319 кош бойлуу аял, ошондой эле 2 жашка жете элек бала менен 53 эне жөнөтүлгөн.
Өз жерине кайткан мекендештерибиз президент Сооронбай Жээнбековго, элчи Жекшенкуловго жана көмөк кылган коомдук уюмдарга ыраазычылык жолдошту. Учактын ичиндегилер кол чаап рахматын айтышты.
Видео: коом-пресс