Москвадан 372 кыргызстандык мекенине учуп кетти. Көбү кош бойлуу аялдар

Окуялар тизмеги 26 Май 2020 12:30
0 ой-пикир

Бүгүн, 26-майда Москва шаарынан Бишкекке чартердик каттам менен 372 кыргызстандык учуп кетти. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган каттам менен 319 кош бойлуу аял, ошондой эле 2 жашка жете элек бала менен 53 эне жөнөтүлдү.

Аталган авиакаттам менен учуучу жүргүнчүлөрдүн тизмеси Москва шаарындагы кыргыз диаспорасы тарабынан сунушталган Кыргызстандын бардык аймактарынын өкүлдөрү жана дарыгер, юристтер кирген байкоочу кеңештен турган жумушчу топтун жыйынында бекитилген.

«Учуп кеткендердин тизмесин жарандардын жеке маалыматтар туралуу Мыйзамына ылайык, жарыялай албай тургандыгын маалымдайбыз. Кезекте дагы 1500дөй оорулуулар, боюнда бар аялдар, жашы жете балдар, улгайган жарандар турат. Сабырдуулук менен күтүп турууну өтүнөбүз. Россиядан Кыргызстанга чартердик рейсти уюштуруу боюнча жумушчу топтун жана штабдын ишмердүүлүгү уланууда. Жарандардын тынчсыздануусун түшүнүү менен Россиядан Кыргызстанга жумасына бир жолу авиакаттам уюштуруу пландалып жаткандыгын ишендирип кетебиз. Жогорудагы категорияга кирген жарандар июнь ай ичинде мекенине жөнөтүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Элчиликтин штабы жарандарды автобустар менен кетүү тууралуу алдамчылардын сунуштарына макул болбоого чакырат. Автобус жана авиа каттамдардын уюштурулушу тууралуу социалдык тармактарда WhatsApp тайпаларда таркатылып жаткан маалыматтар жалган.

«Ага байланыштуу мамлекеттик расмий булактарда жарыяланган маалыматтар менен иш алып барууну, Россияда бекитилген санитардык-медициналык эрежелерди жана жеке саламаттыкты сактоону өтүнөбүз», — деп кошумчалашты штабдан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.