ФОТО: Москвадан Бишкекке 450 кыргыз жараны учуп келди

Окуялар тизмеги 26 Май 2020 17:12
0 ой-пикир

Бүгүн, 26-май күнү Бишкекке Москвадан 393 кыргызстандык жаран (балдары менен 450) учуп келди. Алар «Аэрофлот – Россия авиалиниясы» авиакомпаниясынын Москва—Бишкек каттамы менен келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Министрликтен билдиришкендей, мекенине кайтууну каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, келе турган жарандардын тизмеси Москвадагы кыргыз медициналык клиникаларынын дарыгерлеринен, кыргыз диаспорасынын, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

«Тандоо кош бойлуу (5-8 айлык боюнда) жана кичинекей балдары бар аялдардын арасында, алардын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлдү. Андан тышкары келүүнү каалагандар көп болгондуктан, алардын арасында мындан мурда «Аэрофлот» компаниясынын аба каттамдарына билет сатып алып, бирок эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу каттамдар болбой, учуп кете албаганы эске алынды», — деди билдирет министрлик.

Келген жарандардын баары обсервацияга жаткырылат.

Министрликтен чет жактагы мекендештерди мекенине алып келүү иштери улантыла тургандыгын кошумчалады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.