Кыргызстанда COVID-19 жуккандар 38 адамга көбөйдү. Көбү Нарын облусунда

Окуялар тизмеги 24 Май 2020 10:07
0 ой-пикир

Кыргызстанда 24-май саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 38 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 403 адамга жетти.

24-майга карата 38 жаңы учурдун ичинен;

-Бишкек шаарында – 5 + 1 Санкт-Петербург ш. келгендерден,
-Чуй облусунда — 3 Соль-Илецк ш. келгендерден,
-Нарын облусунда — 25,
-Ош облусунда — 2,
-Жалал-Абад облусунда — 1,
-Баткен облусунда — 1 жаңы учур катталды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.