Коронавирустан жалпы 957 бейтап айыкты

Окуялар тизмеги 23 Май 2020 10:26
0 ой-пикир

Кыргызстанда бир күн ичинде 8 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 4, Нарын облусунан 2, Жалал-Абад облусунан 1, Ош облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 957 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды», — деп билдирди ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 15 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 1365 учуру катталды. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.