АКШ жана Канададан 146 кыргызстандык учуп келди. Көбү окуучулар

Окуялар тизмеги 23 Май 2020 11:08
0 ой-пикир

Бүгүн, 23-майда Бишкекке атайын каттам менен 109 окуучу, 37 студент жана АКШ менен Канададан кыргыз жарандары учуп келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуучулар менен студенттер FLEX, International Student Exchange, NorthWest Student Exchange, Fullbright жана башка программалар боюнча ар кайсы шаарларда окуп жүрүшкөн.

«Жалпысынан аталган каттам менен 146 жүргүнчү учуп келди. Алардын арасында улгайган курактагылар жана саламаттыгына байланыштуу Кыргызстанга ыкчам түрдө кайтарылууга муктаж болгондор бар», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.