ВИДЕО: Пакистанда калктуу аймакка учак кулап түштү

Аалам, Окуялар тизмеги 22 Май 2020 17:31
0 ой-пикир

Пакистанда “Airbus 320” учагы калк жыш жашаган аймакка кулады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, «Пакистан авиалиниялары» компаниясына таандык учакта 107 жүргүнчү болгон. Окуя өлкөнүн түштүк тарабындагы Карачи шаарындагы аэропортко жакын жерде болгон.

Ички каттамдагы учак Лахор шаарынан Карачи шаарын көздөй чыккан. Кырсык учак конууга аз убакыт калганда болгону айтылып жатат.

Окуянын күбөлөрү кырсык болгон жерден видеолорду интернетке жүктөп жатышат.

Азырынча жабырлануучулар тууралуу маалымат айтыла элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.