«The Washington Times» Казакстанды Борбордук Азияга үлгү болгон антипандемиялык модель деп атады

Окуялар тизмеги 22 Май 2020 18:21
0 ой-пикир

АКШдагы таасирдүү басылмалардын бири The Washington Times Казакстандагы антикоронавирус чаралары жөнүндө макаланы жарыялады. Америкалык басылма Казакстандын пандемияга каршы күрөшүү чараларын талдап жатып, өлкөны Борбордук Азияга үлгү болгон андипандемиялык модель деп атады. Бул тууралуу Kazakh-tv.kz сайты жазды.

Мындай жогору баага өлкөдө COVID-19дун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана оор мезгилде медициналык кызматкерлерге каржылык колдоо себеп болду.

«Эки тараптуу колдоо өз жыйынтыгын берди. Казакстандагы COVID-19 пандемиясы дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгүдөй геометриялык прогрессияда өсүп жаткан жок» — деп жазган «The Washington Times».

Чет элдик басылма Казакстандын пандемияга каршы аракеттерине Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму жана башка эл аралык серепчилер оң баалаганын да эске салган.

«Өлкөнүн өкмөтү тез чара көрдү жана алгачкы учурдан баштап эле эрте карантин режимин киргизди. Коомдук унаа токтотулуп, көпчүлүк мекемелер аралыктан иштөө режимге өтүп, көчөлөр менен үйлөр тез-тез дезинфекцияланды. Жабыркагандарга өз убагында жардам көрсөтүлдү. Мына ушундай  чаралар вирустун жайылышын алдын алды», – деп баяндалат макалада.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.