Казакстанда бир суткада 363 адамдан коронавирус аныкталды. Жалпы 7597

Окуялар тизмеги 22 Май 2020 12:29
0 ой-пикир

Соңку суткада Казакстанда 363 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда коронавируска каршы күрөшкөн ыкчам штаб билдирди.

Маалыматка караганда, бир сутканын ичинде илдетке чалдыккан бейтаптардын саны 5,0 пайызга көбөйдү.

Жаңы аныкталган бейтаптар:

— Караганда облусунда 130 (43,3%) адам;

— Нур-Султан шаарында 54 (3,8%) адам;

— Алматы шаарында 35 (1,8%) адам;

— Чымкент шаарында 31 (6,1%) адам;

— Атырау облусунда 25 (3,1%) адам;

— Алматы облусунда 24 (10,1%) адам;

— Түркстан облусунда 20 (8,2%) адам;

— Актөбө облусунда 9 (3,9%) адам;

— Кызыл-Ордо облусунда 9 (3,4%) адам;

— Батыш Казакстан облусунда 8 (2,3%) адам;

— Акмола облусунда 7 (5,2%) адам;

— Жамбыл облусунда 7 (3,2%) адам;

— Костанай облусунда 3 (2,7%) адам;

— Түндүк Казакстан облусунда 1 (2,6%) адам.

Акыркы маалыматтарга караганда, Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 7597 адамга жетти. Алардын ичинен 35 бейтап көз жумду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.