22-май: 37 адам жаңы катталды. Жалпы 1350

Окуялар тизмеги 22 Май 2020 10:06
0 ой-пикир

Кыргызстанда 22-май саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 37 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 350 адамга жетти.

«Жаңы учурлардын ичинен Бишкек шаарында —6 , Нарын облусунда — 21 жана Ош облусунда — 6 учур бар. Ошондой эле Санкт-Петербургдан кайтып келген жарандардан -3, ал эми Соль-Илецк шаарынан — бир адамдан вирус табылды», — деди ал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.