22 кыргызстандык Екатеринбургдан кайтарылды

Окуялар тизмеги 22 Май 2020 18:04
0 ой-пикир

Бүгүн, 22-майда 22 кыргызстандык Екатеринбургдан кайтарылды.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн Бишкекке “Урал Авиалиниялары” авиакомпаниясынын “Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург” каттамы боюнча чартердик рейс учуп келди. Аталган рейс Россия тарабынан уюштурулган.

«Россия тарабы менен жетишилген макулдашууга ылайык, аталган рейс менен Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Сургут, Санкт-Петербург жана Ханты-Мансийсктен Кыргыз Республикасынын 22 жараны келди. Алар оор илдеттерине, башынан өткөргөн татаал операцияларына жана чоӊ мөөнөттөгү кош бойлуу болгондугуна байланыштуу Кыргызстанга ыкчам түрдө кайтарылууга муктаж болгон», — деп айтылат маалыматта.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.