Жогорку Кеңеште 2020-жылдагы республикалык бюджетке киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды

Окуялар тизмеги 21 Май 2020 20:52
0 ой-пикир

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды. Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт өкүлдөрү катышты.

Мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы, депутат Эмил Токтошев менен финансы министри Бактыгүл Жеенбаева баяндама жасады.

Эмил Токтошев Бюджет жана финансы боюнча комитет экинчи окууга республикалык бюджеттин төмөнкүдөй негизги параметрлерин бекитүүнү сунуш кыларын билдирди:

— республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 135 346 827,2 миң сом;

— республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 163 039 088,4 миң сом;

-ал эми тартыштык 27 692 261,2 миң сом көлөмүндө.

Андан тышкары комитет төрагасы ички булактардын эсебинен жалпы 13 млрд. сомдун тегерегинде бюджетти толтуруу боюнча бир катар сунуштарды берди. Анын ичинен алтын кошулмаларын жана концентраттарын республикадан чыгаруудагы салыктык төлөм чендерин көтөрүү, контрабанданы токтотуу боюнча алгылыктуу чараларды көрүү сунуштары айтылды.

Ал эми финансы министри Бактыгүл Жеенбаева аталган мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кароону өтүндү.

Белгилей кетсек, каралып жаткан мыйзам долбору карантин жана өзгөчө абал шартында бюджеттик процессти натыйжалуу башкаруу жана бюджетти түзөтүүнү камсыздоо максатында иштелип чыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.