Өлкөдө коронавирустан жалпы 929 адам айыкты

Окуялар тизмеги 21 Май 2020 10:18
0 ой-пикир

Соңку суткада 19 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 8, Ош облусунан 5, Жалал-Абад облусунан 4, Баткен облусунан 2 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 929 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды», — деп билдирди ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 43 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 1313 учуру катталды. Коронавирус жуктуруп алган 14 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.