Өлкөдө COVID-19 жуккандар 43 адамга көбөйдү. Жалпы 1313

Окуялар тизмеги 21 Май 2020 10:05
0 ой-пикир

Кыргызстанда 21-май саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 43 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 313 адамга жетти.

«Жаңы учурлардын ичинен Бишкек шаарында — 22, Нарын облусунда — 8, Чүй облусунда — 1, Ош облусунда — 4, Баткен облусунда — 2 жана Ош шаарында — 5 учур бар. Ошондой эле Санкт-Петербургдан кайтып келген бир адамдан коронавирус табылды», — деди ал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.