Исхак Масалиевдин ордуна парламентке ким келет? Ал жөнүндө эмне белгилүү

Окуялар тизмеги 21 Май 2020 15:08
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев мандатын тапшырып жатканы тууралуу жарыялады. Себебин жогорку мыйзам чыгаруу органында иштеп келген эл өкүлү катары мамлекетте жаралган көйгөйлөргө толук жоопкер экендигин билдирди.

Анын ордуна паламентке ким келээри да белгилүү болду. «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын каттоодон өткөн талапкерлердин тизмесине ылайык кийинки орунга Нургазы Айдаров келээри айтылууда. Ал Жогорку Кеңешке “Кыргызстан” партиясынан келген Салайдин Айдаровдун бир тууган агасы болот.

Нургазы Айдаров 1966 жылы 16-январда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө районунда төрөлгөн.  54 жаштагы саясатчы буга чейин Жогорку Кеңештин төртүнчү жана бешинчи чакырылышында депутат болгон.

Нургазы Айдаровдун “Салим байбача” деген лакап аты менен таанымал өзбекстандык олигарх, кримтөбөл Салим Абдувалиев менен тартылган видеосу интернетте тарап, кызуу талкууга алынган. Тасмада ал менен Ош облусундагы таасирдүү ишкер Жалил Атамбаев «Салим байбачаны» ортого коюп алып ага ыраазычылык билдирип, аны «Кыргыздын тиреги» деп айтканы сынга алынган.


Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.