«Байланышта болгон эмесмин». ЖКнын депутаты коронавируска чалдыккан иниси тууралуу айтып берди

Окуялар тизмеги 21 Май 2020 20:02
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотонов («Республика—Ата Журт») АКИpress агенттигине коронавирус инфекциясын жуктурган иниси тууралуу айтып берди.

«Ал шериги [жүк ташыган унаанын айдоочусу] менен 16-майда Уфадан келип, Таластагы «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрмө пунктунда экспресс-тест аркылуу текшерилген. 12 саат күтүп, анализден оору аныкталбай, алар Токтогулга үйүнө жөнөшкөн», — деди ал.

Депутаттын айтымында, иниси COVID-19 вирусуна шектелип, аны үйүнөн тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

«Андан коронавирус аныкталганын айтышкан, ал эми шеригинин кайталанып алынган анализи таза чыккан. Учурда иним ооруканада, оору симптому жок өтүп жатат», — деди Тотонов.

Депутат иниси тууралуу маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында пайда болгонуна нааразы. Анткени буга чейин оору жуктурган адамдардын аты-жөнү айтылган эмес. «Ал дарыгерлерден качпай, эрежени жана дарыгерлердин сунуштарын аткарды», — деди ал.

Тотонов кошумчалагандай, иниси менен байланышта болгон эмес. Анткени иниси Таластан дароо эле Токтогулга кеткен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.