ИИМ: «Чоң Казаттын» чакырыктарында кылмыштын курамы барбы же жокпу аныктоо иштери жүрүп жатат

Окуялар тизмеги 20 Май 2020 11:35
0 ой-пикир

«Чоң Казат» деп аталган коомдук кыймылдын чакырыктарына укуктук баа берүү боюнча экспертиза дайындалды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдирди.

Бүгүн, 20-майда парламенттин жыйынында депутат Ирина Карамушкина аталган кыймылдын чакырыктарына баа берүү менен алардын аракеттери «мыйзам талаптарына туура келеби?» деген суроо салган.

Алмаз Орозалиевдин айтымында, азыр чакырыктарда кылмыштын курамы барбы же жокпу аныктоо иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда «Чоң казат» деген коомдун айрым аткаминерлердин, саясатчылардын байлыгы жөнүндө айтып чыкканы кызуу талкууланып жатат.

Elgezit.kg редакциясынын аналитикалык тобу чоң казатчылар жөнүндө даярдаган макаланы шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыздар:

“Чоң Казаттын” артында кимдер турат же эмне үчүн байларды тоноого чакырык катуу чыгууда. I бөлүм

“Чоң Казаттын” артында кимдер турат же эмне үчүн байларды тоноого чакырык катуу чыгууда. II бөлүм

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.