Комитет шайлоо босогосун 9 %дан 5 %га ылдыйлатуу мыйзам долбоорун талкуулоодо

Окуялар тизмеги 19 Май 2020 11:56
0 ой-пикир

Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети шайлоо босогосу тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоого киришти.

Каралып жаткан мыйзам долбоорунда шайлоо босогосун 9 пайыздан 5 пайызга ылдыйлатуу сунушталган. Долбоорду депутаттар Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев иштеп чыккан.

Эскерте кетсек, буга чейин депутаттар шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга төмөндөтүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдошкон.

Бирок чекти жети эмес, беш пайызга түшүрүүнү сунуштаган дагы бир долбоордун демилгечилеринин бири Исхак Масалиев «биз бул мыйзам долбоорун 6-декабрда бергенбиз, сиз аны 20 күндөн кийин гана тийиштүү комитетке жөнөттүңүз. Ал эми жети пайызга түшүрүү тууралуу мыйзам долбоорун сиз үч күндө комитетке жибердиңиз. Эмне үчүн андай эки башка мамиле жасалды?» деп спикерди сынга алган. Эки мыйзамды бириктирип кароо тууралуу сунуш да өтпөй калганына нааразы болушкан.

14-майда биринчи окуудан өткөн документ «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору деп аталат. Биринчи окуудан кийин ал экинчи жана үчүнчү окууга киргизилиши керек. Демилгечи депутаттар аны 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген шайлоого чейин кабыл алууга үлгүрүш керектигин айтышкан.

Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайыз, 2017-жылы тогуз пайызга көтөрүлгөн

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.