Комитет шайлоо босогосун 5%га чектөө боюнча мыйзам долбоорун четке какты

Окуялар тизмеги 19 Май 2020 13:42
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 19-майдагы жыйынында шайлоо босогосун 9 пайыздан 5 пайызга ылдыйлатуу сунушталган мыйзам долбоорун карап чыкты.

Долбоорду депутаттар Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев сунуштаган. Алар шайлоо чегин мүмкүн болушунча азайтуу керек экенин, беш пайыздык босого парламентке көбүрөк партиянын келишин жана добуш берүүлөрдүн акыйкат өтүшүн шарттай турганын жүйө келтиришкен.

Жыйынтыгында, профилдик комитет сунушталган мыйзам долбоорун четке какты.

Шайлоо чеги тууралуу эки мыйзам долбоор сунушталган.

Эскерте кетсек, 14-майдагы сессияда босогону 9 пайыздан 7 пайызга төмөндөтүү тууралуу башка мыйзам долбоору биринчи окуудан көпчүлүк добуш менен өткөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.