Депутат: «Бишкек – Кара-Балта» жолунун 1 километрине 1,5 млн. доллар жумшалууда

Окуялар тизмеги 19 Май 2020 18:15
0 ой-пикир

Бүгүн, 19-майдагы Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында депутаттар Жогорку Кеңештин протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы боюнча маалыматтарды угушту.   

Тагыраагы, Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов өлкөдөгү жолдорду куруу долбоорлору тууралуу депутаттардан келген 9 протоколдук тапшырма боюнча маалымат берди.

Талкуу маалында депутат Төрөбай Зулпукаров унаа жолдорунун курулуштарынын наркын аныктоодо долбоорлоо институттары кайсы логикага таянганына кызыкты.

“Депутаттарда мыйзам чыгаруу иш-милдети менен катар көзөмөлдөө ыйгарым укугу да берилген. Бирок, комитеттин чечимине карабай силер маселени алып салууну сурап жатасыңар. Мындай кылууга такыр болбойт. Мисалы 45 километрди түзгөн “Бишкек – Кара-Балта” унаа жолунун 1 километрине 1 млн. 560 миң АКШ доллары же азыркы валюта курсуна ылайык 120 млн. сом жумшалууда. Жолдун курулушу бир жылга кечеңдеп, муну менен катар долбоордун жалпы суммасы дагы 7 млн. АКШ долларына кымбаттары айтылууда”, – деди эл өкүлү.    

Андан тышкары, башка жолдордун наркы да негизсиз кымбаттатылганын айткан эл өкүлү “67 километрди түзгөн “Маданият – Жалал-Абад” жолунун курулушу 72 млн. АКШ долларын түзөт. Тагыраагы, жолдун 1 километри 1 млн. 74 миң сомго жетүүдө. Дагы бир мисал транспорт жана жолдор министринин орун басары А.Жусубалиев 500 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жатып кармалган. Ал эми Жусубалиев тендердик комиссиянын төрагасы болгон “Эпкин – Дыйкан” (89-157 км) жол тилкесинин курулушу боюнча долбоордун наркы 40 млн. 750 миң АКШ долларын түзүп, 1 километри 582 миң АКШ доллары болууда. Эми ойлонуп көргүлө, 1 километр жолдун наркы 582 миң АКШ доллары болуп жатса, алынган паранын көлөмү 500 миң АКШ доллар” – деди.

Андыктан, тендерлерди өткөрүүдөгү коррупциялык көрүнүштөр арбын экенине көңүл бурууга чакырды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.