Мирлан Каниметов: Карантинге карабай ооз ачыруу уюштургандар жазасын алат

Окуялар тизмеги 18 Май 2020 16:45
0 ой-пикир

Бишкекте карантин киргизилгенине карабай, айрым кафе-ресторандардын кожоюндары ооз ачыруу уюштурууга шарт түзүп берүүдө. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары  Мирлан Каниметов маалымат жыйында билдирди.

“Өлкөнүн айрым шаарларында кафе жана ресторандардын ээлери санитардык-карантиндин талаптарын бузуп, кечинде ифтар өткөрүүгө шарт түзүп жатышат. Бул мекемелердин ээлери КР мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат”, — деди ал.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус илдетинен улам коомдук тамактануу жайлары карантинге жабылган. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ооз ачуу өткөрткөн кафелерге, ресторандарга жана чайканаларга айыппул салынарын билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.