Кытай Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө гуманитардык жардам көрсөттү

Окуялар тизмеги 18 Май 2020 15:51
0 ой-пикир

Коронавирус менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүү максатында Кытайдын Коргоо министрлиги тарабынан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө 22 млн сомго медициналык багыттагы гуманитардык жардам берилди. Бул тууралуу өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан башчысы Райимберди Дүйшөнбиев Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь менен болгон жолугушууда Кытай тарапка көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирген.

Башкы штабдан белгилешкендей, келген жардам Куралдуу күчтөрдүн аскер бөлүктөрү, мекемелери арасында бөлүштүрүлөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.