Өзбекстанда карантин 1-июнга чейин узартылды

Окуялар тизмеги 16 Май 2020 18:09
0 ой-пикир

Өзбекстанда карантин 1-июнга чейин узартылды. Бирок 15-майдан тарта айрым ишканаларга ишин жандандырууга уруксат берилгени кабарланды.

Коңшу өлкөдө коронавирус кайсы жерде көп, каякта аз экенин аныктап алуу үчүн аймактарын атайын түстөр менен белгилеген. Алсак, кызыл түс менен көрсөтүлгөн аймак кооптуу болуп эсептелет, сары өң орто, жашыл түс коопсуз болуп саналат.

Булардын ичинен кызыл өң менен белгиленген аймактарга 15-майдан тарта бухгалтердик кызматтарды көрсөтүү, автоунаа оңдоочу жайлар, электрондук жана мобилдик жабдууларды ремонт кылгандар, ижара жана лизинг кызматын көрсөткөндөрдүн ишмердүүлүгүнө уруксат берилген.

Ал эми сары түскө кирген аймактарга жогоруда аталган кызматтардан тышкары жарнама, маркетинг ишмердүүлүгүнө, жеке ашканасында тамак жасап жеткирүү кызматтарына, парктарга (экиден ашпай сейилдөөгө) уруксат.

Жашыл зонадагы аймактарда 15-майдан тарта үстү жабык, бардык шарты бар спорт стадиондору, компьютердик, полиграфиялык кызматтар, музейлер (келген коноктордун саны чектелүү болушу керек), ветеринардык кызмат көрсөткөн мекемелер иштей баштады.

Өкмөттүн атайын комиссиясынын маалыматына караганда, Өзбекстанда 2652 адам коронавирус жуктуруп алган, 11 киши илдеттен кайтыш болгон. 2136 илдеттен айыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.