Абылгазиев: Парламенттин Төрагасы өкмөттүн ишине баа берүүдө объективдүү жана калыс болууга аракет кылат

Окуялар тизмеги 16 Май 2020 17:36
0 ой-пикир

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дайыма колдоо көрсөткөнү жана кызматташууга конструктивдүү мамиле кылганы үчүн Жогору Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков башында турган депутаттарга ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

“Жогору Кеңеш менен өкмөттүн конструктивдүү мүнөздөгү өз ара кызматташтык мамилеси абдан маанилүү. Эки бийлик бутагынын ортосундагы мындай ишенимдүү мүнөздөгү алака өкмөттүн Жогору Кеңештин алдындагы отчёттуулук принциптерин колдогон президент Сооронбай Жээнбековдун так позициясынын негизинде камсыздалды”, — деген  Абылгазиев.

Ал Жогорку Кеңеш мурда атамекендик экономикага кесепети тие турган саясий оюндардын ордосу болуп келгенин эске салды.

Ошондой эле Абылгазиев депутаттар өкмөт мүчөлөрү менен дайыма байланышта болуп, маселелерди чечүүгө түздөн-түз катышып калганына токтолду.

“Төрага өкмөттүн ишине баа берүүдө объективдүү жана калыс болууга аракет кылат. Дастан Жумабеков маанилүү делген маселелерди парламенттин башкы трибунасынан гана көтөрбөстөн, айтылган маселелер боюнча жумуш процессинде байланышканыбызда өкмөт башчы катары мага айтып турат. Бул, албетте, парламент төрагасы менен премьер-министрдин позициясы дайыма дал келет дегендик эмес. Бирок үзгүлтүксүз пикир алмашуу жана кээде кызуу талаш-тартыштар келип чыккан көйгөйлөрдү тез арада аныктоого жана аларды чечүүнүн сапаттуу чараларын иштеп чыгууга оң таасирин тийгизет деп ишенем”, — деди премьер.

Абылгазиев өкмөттүн коронавируска каршы күрөшүү чаралары мыйзамдык коштоолор аркылуу гана эффективдүү боло алганын белгиледи.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.