Бишкекте 27 жаштагы кыз терезеден боюн таштады

Окуялар тизмеги 15 Май 2020 12:05
0 ой-пикир

Борбор калаада 27 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан боюн таштады. Бул тууралуу жеке булактар билдирди.

Окуя кечээ, 14-майда, болжол менен саат 16:00 чамасында Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

Кыз башынан алган жаракаттарынан улам «Тез жардам» унаасы менен ооруканага бара жаткан жеринен үзүлгөн.

Жерине келген милиция кызматкерлери кыз өзүнүн курбулары менен чогуу жашап келгенин тактаган. Кырсык болгон учурда курбулары башка бөлмөлөрдө уктап жатышкан.  Ал акыркы күндөрү тынчы жок болуп, эч кимге кошулбай, түнт тартып калганын айтышкан. Кыздын денесинен киши колдуу болгондой, же көгала тактар табылган эмес.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.