Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 620 адамга жетти

Окуялар тизмеги 14 Май 2020 15:05
0 ой-пикир

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 620 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 52 учур катталган. Ал эми 36 жаран илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго которулган.

«8-майдан баштап Өзбекстанда аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша «кызыл», «сары» жана «жашыл» сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган. Ал эми 11-майдан тарта чектөөлөр район жана шаарлардын деңгээлинде иштей баштады», — деп айтылат маалыматта.

Учурда Өзбекстанда 2 миң 620 адам илдет жуктурса, анын 2 миң 76сы айыккан. Ал эми коронавирус жуктурган 11 бейтап каза болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.