Депутат спикерге: Өкмөттү мактап жатсаңыз, тост сүйлөп жаткандай сезилип кетти

Окуялар тизмеги 14 Май 2020 00:05
0 ой-пикир

13-майда, Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө отчетун укту.

«Ата Мекен» фракциясынын атынан сөз сүйлөгөн депутат Каныбек Иманалиев өкмөттүн 2019-жылдагы ишин кескин сынга алды. Иманалиев мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн арасында өнүгүү боюнча Кыргызстан акыркы орунда калганын белгилеп, өлкө буга чейин эч качан 15 орунга түшпөгөнүн белгиледи.

«СССРдин алкагында алтын чыгаруу боюнча үчүнчү орунда турабыз. Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан. Бирок, ички дүң өнүмдүн өсүшү боюнча 14-орундабыз. Сүйүнүп атабыз, «былтыр Кумтөр 2 млн. доллар дивиденд берди» деп. Ал — 32 килограмм алтындын акчасы. 26 тонна алтын алдык, мурдагы алтынды эсептебегенде 7 тонна алтындын баасы 364 млн. доллар. Ал статистиканы көбөйткөнү менен элдин чөнтөгүндөгү акчаны көбөйткөн жок. Айтып жатасыздар, «экономикада 4,5% өсүш бар» деп. Экономисттер билет, Бишкек-Ош жолунун салынышы 3%, Кумтөр 3% өсүш берет. 6% өсүш деп айтпаса керек. Кумтөрдү алып салгандан кийин 0,1 % өсүш болду. Бул ар бир кыргызстандыктын бир жылдык кирешеси 80 сомго көбөйдү деген сөз. Ушул өсүшпү?», — деди Иманалиев.

Буга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жооп берип, депутаттын отчетту укпагандыгын билдирди. Өкмөт башчы экономикада реалдуу өсүш байкалганын белгилеп, эл аралык рейтингдеги Кыргызстандын көрсөткүчү жогорулаганын, инвестиция, экспорт сыяктуу бир топ тармактарда жылыш бар экенин айтты.

Өкмөт башчы менен депутаттын кайым айтышына төрага Дастанбек Жумабеков кийлигишти. Ал өкмөттүн кемчиликтерин эле айта бербестен ийгиликтерине дагы көңүл бурууга чакырды. Иманалиевге жооп иретинде СССР убагында курулбаган бала бакча, мектептер азыр салынып жатканын айтты.

Муну уккандан кийин депутат Иманалиев кайра микрофонго чыгып, “Төрага, сизге рахмат! Өкмөттүн жакшы жери жөнүндө айтып жатсаңыз, тост сүйлөп жаткандай сезилип кетти да” деп какшыктады.

Анда Жумабеков жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн күрөшүп келгенин айтып, “тостту башка жерде сүйлөйт, биз тост көтөрбөй калганбыз”, — деп жооп берди.

Жыйынтыгында азыркы кырдаалды жана айтылган сынды эске алуу менен өкмөттүн иши канааттандырарлык деп табылып, көпчүлүк добуш менен отчет жактырылды. 96 депутат токтомго макул, бешөө каршы добуш берди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.