«АЮ» компаниясынын кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов депутат болду

Окуялар тизмеги 14 Май 2020 08:47
0 ой-пикир

«АЮ холдинг» компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримов жана Жаныбек Жоробаев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын алышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 13-майда “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын депутаттары Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Алардын ордуна партиянын тизмесине ылайык Шаршенбек Абдыкеримов жана Жаныбек Жороевдор келишти.

«Кыргызстан» партиясы бул кадамдарга алдыдагы шайлоолорго даярдануу үчүн барышканын айтышты.

«Кыргызстан» фракциясынын Жогорку Кеңеште 18 мандаты бар. Фракцияны депутат Алмазбек Батырбеков башкарат.

Башында ишкер Шаршенбек Абдыкеримов турган «Кыргызстан» саясий партиясы 2010-жылы апрелде негизделген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.