ВИДЕО: Бишкекте беш күн мурун ачылган сейил бактын жолдору жарыла баштады

Окуялар тизмеги 12 Май 2020 09:17
0 ой-пикир

Борбор калаада жаңы ачылган Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бактын асфалть төшөлгөн жолдору сапатсыз жасалып, беш күндө эле жарака пайда боло баштады. Бул туурасында Бишкектин  Максим аттуу жашоочусу видео тартып, ютуб баракчасына жүктөгөн.

Видеонун автору сейил бакка кирип бараткан жолго төшөлгөн асфалть жол талаптагыдай жасалбаганын, бир гана жолу цемент төшөлүп, сыртына жол белгилерин чийип коюшканына нааразы болгон.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 7-майында Бишкек шаарында Чолпонбай Түлебердиев атындагы парк президенттин катышуусунда ачылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.