Депутат Өкмөттү залкарларды көзү тирүү кезинде барктоого чакырды

Окуялар тизмеги 12 Май 2020 16:57
0 ой-пикир

Бүгүн, 12-майда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин отурумунда премьер-министрдин 2019-жылдагы иши тууралуу отчету угуулуда.

Талкуулоо учурунда депутат Курманкул Зулушев өкмөткө маданият боюнча кагаз жүзүндө, үстүртөн эмес, реалдуу реформаларды жүргүзүүгө чакырды. Ал өкмөттүн 2019-жылдагы иши тууралуу отчетунда маданият боюнча мамлекеттик деңгээлдеги эл аралык иш-чаралар, көзү өткөн коомдук ишмерлердин маарекелерин өтүп жатканын белгилеп, жакшы баасын берди.

Бирок отчетто маданиятка салым кошуп жаткан тирүү залкарлар — манасчы, төкмө акындар боюнча бир да иш-чара көрсөтүлбөгөнүн сынга алды.

«Манасчы, төкмө акындар — өткөн маданиятыбыздын мурасы, келечектин үлгүсү. Кыргыз эли ошолорго карап түздөнөбүз. Жакында эле улуу залкарлар Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматовдун каза болушун коомчулук кандай дүрбөлөңгө түшүп кабыл алды? Жүрөгү бүгүнкүгө чейин ооруп турат. Бул боюнча өкмөт эч кандай билдирүү кылган жок. Келечекке болгон кам көрүү ушул жерде жатат. Таланттар көзү өтүп кеткен соң мактап, ай-асманга теңеп, канча жылдан соң юбилейин өткөрбөй, көзү тирүү кезинде иш-чара уюштурсаңыздар жакшы болот эле», — дейт Зулушев.

Депутат буга кошумча Эл артисти, төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиев атындагы  мамлекеттик деңгээлдеги сыйлык уюштурууну сунуштады.

Ошондой эле саналуу гана залкарлар калганын, аларга жөлөк пул, пенсия чектөө өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин колунда экенин эскертти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.