Бишкекте карантин. Шаардын айланасында 16 блокпост орнотулат

Окуялар тизмеги 11 Май 2020 16:26
0 ой-пикир

Борбор калаанын айланасында орнотулган блокпосттордун аймагы кеңейтилди. Бул тууралуу Бишкектин мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, борбордун айланасына 16 тосмо орнотулат.

Орнотулган блокпосттордун тизмеги:

1. «Азамат» унаа базары – Айланма жол;

2. Айланма жол — «Фрунзе» чарбысы;

3. Васильевский тракт / Айланма жол («Ак-Жол»);

4. Пригородное айылы – Айланма жол;

5. Айланма жол – Маевка айылы (тегеренме жол);

6. Айланма жол – Теңдик калктуу конушу;

7. Айланма жол – Киргизия көчөсү (Төмөнкү Ала-Арча);

8. Айланма жол – Келечек калктуу конушу;

9. Айланма жол – Дордой;

10. Айланма жол – Ибраимов көчөсү;

11. Айланма жол – Алма-Ата көчөсү;

12. Айланма жол – ГЭС-5 (тегеренме жол);

13. Жибек Жолу проспектиси – Киргшелк;

14. Кара-Жыгач жана Сары-Жоон айылдарынын ортосундагы жол;

15. Горная Маевка айылындагы жол;

16. Кызыл-Туу жана Маловодное айылдарынын ортосундагы жол.

Эске сала кетсек, айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май саат 24.00дө аяктап, коменданттык саат жокко чыгарылды. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет.

Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт. Ошол эле учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районун Каныш-Кыя айыл аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин киргизилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.